Бир карасаң аялдар сулуулуктун өзү болууга, эркектер ал сулуулукту карап
отурууга жаралгандай. Себеби жер жүзүндө канча аял болсо, анын баары
сулуулугун арттыруу, жакшыртуу, сактоо үчүн убара тартышат. Ал эми
эркектин баары аялдын сулуулугуна суктанып, ашыгып, азгырылып
келишкен.